Окуу жылы 30-майга чейин узарганына карата 30-майда онлайн тартибинде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземи болду.Бул майрамды 9-класстын класс жетекчиси Тайтаева М.Б. уюштурду.Азем КР гимни менен башталды.Мекенибиздин кооздугу,мамлекетибиздин камкордугун чагылдырган видеонун коштоосунда бүтүрүүчүлөрдүн сүрөттөрү көрсөтүлдү.Окуучулар “Бүтүрүүчү-2020” лентасын тагынышты.Мектеп,мугалим,Мекен,классташтар жөнүндө көркөм ырларды айтышты,бийлешти.Ата-энелер,айыл өкмөтүнүн башчысы Байбеков Р.Т.куттуктоо сөздөрүн айтышты.1-класстын окуучулары бүтүрүүчүлөргө арнаган ыр саптарын көркөм айтышты.Мектептин жетекчиси Исаева А.Б. бүтүрүүчүлөрдү куттуктап алдыдагы сынакты ийгиликтүү тапшырууларын каалады.9-класстын алдыңкы эки окуучусу жана 1-класстын алдыңкы эки окуучусу акыркы конгуроону кагышты.Бул слайдды ата-энелер,мугалимдер, окуучулар көрүшүп ыраазычылык билдиришти. “Акыркы конгуроо” аземи жагымдуу маанайда өттү.
Комментарии