12-декабрь- Улуттук адабият күнү
Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 12-декабрь- Улуттук адабият күнунө карата Китеп окуу жумалыгы жарыяланган. Бул иш-чарага бардык класстар активдүү, демилгелүү катышышты. Кыргыз элинин белгилүү акын, жазуучулардын китептеринен турган китеп көргөзмөсү уюшулду. Окуучулар жактырган китептерин үйлөрүнөн окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Кыргыз элинин эки залкары — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана сүйүктүү акыныбыз Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан бул күн 2011-жылы Кыргызстандын акын-жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депуттарынын колдоосу менен Улуттук адабият күнү деп белгиленген. Бул улуу күнгө биздин мектептин окуучулары да жигердүү катышышты. 5-класстын класс жетекчиси Рысалиева Толкун Жолдошбековна өзүнүн 5-классы менен биргеликте эң кызыктуу программа тартуулады. Окуучулар Айтматовго арналган ырларды көркөм окуп, «Саманчынын жолу», «Жамийла», «Ак кеме», «Кылым карытаар бир күн» чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып беришти. Жазуучунун учкул сөздөрүнө токтолуп, чечмелеп беришти.
Комментарии