23-февраль- Мекенди коргоочулар күнү
Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 22-февраль күнү 23-февраль- Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектеп ичинде линейка болуп өттү. Ар бир класс дубал гезиттерин чыгарышты. 11-класстын класс жетекчиси Тайтаева М.Б. «Жоокерлер — мекендин коргоочулары» деген темада ачык тарбиялык сабакты жогорку деңгээлде өттү. Темага арналган сүрөттөр илинип, көркөм ырлар айтылды. 23-февраль күнү жөнүндө мугалим кеңири маалымат берип кетти. Обондуу ырларды аткарышты.
8-класстын класс жетекчиси Исагалиева П.К. «Чептен эрдин күчү бек» аталышында тарбиялык сабак өттү. Окуучулар жоокер формаларын кийишип, патриоттук ырларды аткарышты. Кыргыз жоокерлери тууралуу кызыктуу маалыматтарга токтолушту.
9-класстын класс жетекчиси Кадыркулова Ж.К. «Карегимде Мекеним» деген темада эң мыкты сабак көрсөттү. Сабактын жасалгасы, окуучулардын формалары иреттүү. Көркөм ырларын айтышып, баатырлар жөнүндө айтып өтүштү. Ал эми 7-класста «Жоокер — Мекен сакчысы»аталышындагы сабак абдан кызыктуу болуп өттү. Окуучулар сабакка активдүү катышып, көрсөтмө куралдары бай болгон сабакты класс жетекчиси Убалканова А.У. көрсөтө алды.
Комментарии