Мектепте Манас күнү белгиленди
2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 буйруктун негизинде «Манас» эпосунун күнүн белгилөө боюнча мектепте линейка болуп өттү. Линейканын өтүлушүнө кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадыркулова Жибек Каныметовна жооптуу болду. Мугалим балдарга «Манас» жөн гана кыргыздын көлөмдүү, ири эпосу болбостон, бүтүн кыргыз мурасынын бермети, ал элдик оозеки чыгармачылыктарга кирип, дагы деле өнүгүп келе жаткандыгын жана кыргыз элинен чыккан улуу манасчылар жөнүндө жеткиликтүү тушундурө алды. «Манас» эпосу ЮНЕСКО уюмунун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирип, Гиннестин рекорддор китебине эң көлөмдүү эпос катары белгиленгендиги айтылды. 9-класстын окуучулары Манастын жети осуятын толук чечмелеп, эпостон үзүндү айтышты.
Комментарии