Жарандык коргонуу
Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде Кырсыктардын алдын алуу максатында эвакуациялык иш-чара өткөрүлдү. Класс жетекчилер «Коопсуз мектеп» темасында окуучуларды коопсуз эрежелер жана мектеп эвакуациясы менен тааныштырып өтүштү. Бул иш-чарага 80 окуучу жана 10 мугалим катышышты. Коопсуздук эрежелери жөнүндө балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ар кандай кырсыктардан сактанууга «Бардыгыңар көңүл бургула!» сигналы боюнча окуучуларды имараттан алып чыгуу эвакуациясы менен дене тарбия мугалими Сагынов Жакшылык тааныштырды. ӨКМ кызматкерлери жана алардын иштери боюнча окуучулар менен аңгемелештик.
Жаш ыктыярдуу куткаруучулар тизмеси 10-11-класстын окуучуларынан түзүлдү.»Жаш куткаруучулар»тобу тизилүүгө жана тоскоолдуктар менен чуркоого, сактоого машыгып көрсөтүштү.
Комментарии