Биз жөнүндө

Иса Байбеков атындагы жалпы билим беруу орто мектебинин тарыхы

Иса Байбеков атындагы жалпы билим беруу мектеби Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Сын – Таш айыл окмотуно караштуу Ак-Сай айылынын Аманбай –Ата №27/в кочосундо жайгашкан.

Мектепке 2009-жылы Ак-Сай аылынын тургундарынын чечими менен Ак- Сай толук эмес орто мектебине Иса Байбеков агайдын ысымы берилген . Иса Байбеков атындагы Ак-Сай толук эмес орто мектеби деп аталган.Иса Байбеков агайыбыз 1927-жылы азыркы Ивановка районунун  Сын-Таш сельсоветинин Ак-Сай айылында  дыйкандын уй булосундо туулган. 7 жашка чейин ата-энесинин колунда тарбияланып 1935-жылы азыркы Жетиген  айылындагы 7 жылдык мектебинине 1-класса кирип,1942 жылы Жетиген мектебини толук  курсун бутургон. 7 жылдыкты бутургондон кийин  1942- жылы Орток мектебинин 8-классына кирип,1944- жылы 9-классты бутургон, бирок окуусун андан ары улантууга мумкун болбоду. 1944-жылдан 1947-жылга чейин Октябрь орто мектебинен 10-классты бутургон. Окууну ийгиликтуу бутургондугу  учун ,Бириккен 7 жылдык мектебине мугалим болуп  дайындалган. Бул мектепте 1949- жылдын июль айына чейин иштеген. Ушул эле жылы мурдагы Фрунзе,азыркы Бишкек  шаарындагы физика жана математика факультетин 1951-жылы бутургон.1951-жылдын август айында областык агартуу болуму мурдагы Ивановка районуна караштуу Киров 7 жылдык мектепке завуч жана математика мугалими  кылып жиберген .Бул мектепте 1957-жылдын май айына чейин ийгиликтуу иштеген .Коптогон  туйшуктун негизинде Иса Байбеков агай башталгыч класстар учун мектеп салынып калуусуна коп аракет  жасагандыгы учун  Ак-Сай айылына 1969-жылы 27 — январда  каражат болунуп ,башталгыч мектебинин проектиси  тузулуп ишке кирген.1961-жылы мектептин имараты бутуп  ишке берилген .Ушул мектепте Зав шуолы жана мугалим болуп  1966-жылдын июнь айына чейин иштеген . Агай оз ишин жан дили менен суйгон  эмгекчил, чыгармачыл мугалим эле .Ал оз колу менен алма бактын  эн жакшы сортторун  мектептин бакчасына,ал эми тегерегине мырза теректерди отургузган . Иса агай бул алма бактарына ото камкордук менен аяр мамиле жасап, остургондуктон мектепке ажайып корк берип турар эле.

Агай озунун эмгек жолунда  эчендеген  татыктуу инсандарды тарбиялап остурду . 1966-жылы 4-июлда  Иса Байбеков агайыбыз дуйнодон кайткан. Алгачкы мектепти тузуп ,Ак-Сай айылына мектепти салдырып келечектеги муундарга кам коргондугу учун,Ак-Сай айылынын эли, Ысык-Ата билим беруу болумунун башчысы,Райгосадминистрациянын жетекчилери жогору баалап

«Омур бизден отсо да эл эмгектен эскерсин « дегендей мектепке агайдын ысымы ыйгарылды .

1993-1994 -окуу жылында Ак-Сай айылынын тургундарынын Агартуу болумуно кайрылгандыгына байланыштуу ,мурдагы эски колхоздук  бала бакча  мектептин карамагына берилип Иса Байбеков атындагы Ак-Сай  толук эмес тогуз жылдык мектеп болуп ачылды. Алгачкы жетекчиси болуп К..Курманов атындагы мектептин география мугалими Акынов Райымбек дайындалган.  Ал ден соолугуна байланыштуу бир жыл гана иштеген . Андан кийин башталгыч класстын мугалими Толонова К. жетектеген .Бул мугалимдин 9 жылдык мектеп болуп ачылышына зор салымы бар . Толонова К. пенсияга чыкканына байланыштуу ушул эле мектептин чет тил мугалими жана завучу Исаева А.Б.1997 жылы мектептин жетекчиси болуп дайындалат . Мектептин жетекиси Исаева А.Б. эмгек жолунда эски бала бакчаны ондоп тузотуу иштерине коп эмгек жумшады .«Арис»жана»Мерсико» мамлекеттик эмес уюмдардын жардамы менен чатырын жаптырып,полун салдырып,терезелери алмаштырылып кантромаркалары ондолуп мектептин эшигинин алды цементтелди. Канчалык аракет кылып ондоп тузотуу иштерин кылса дагы типтуу эмес эски мектеп болгондуктан ,мугалимдердин эмгектенуусуно толук камдуу окуучулардын окуп билим алуусуна коп койгой жаратып келди. Мектеп кантромаркага от жагуу менен жылуучу,спорт зал,актовый зал,компьютердик класс жок болуп азыркы талапка жооп бербегендиктен мектеп жетекчиси жаны мектеп салынуусуна каттар менен коп жерлерге кайрылуу жасап,,2016-2017 окуу жылында типтик проект боюнча Кыргыз окмотунун тапшырмасы менен « Главпроектстрой»компаниясы 100 орундуу спорт залы менен типтуу мектеп куруп берди.

Мектептин жалпы аянты 819,7 метр квадрат. Жаны мектеп 2018-жылы 16 февралда ишке берилди. Мектепте спорт зал, класстык болмо.аш кана, ички туалет,раздевалка душу менен бар.Мектеп комур менен жылытылат,озунчо кочегаркасы бар .Мектеп эки сменде окуйт,анткени класстык болмолор жетишпейт.Ата –энелердин коптогон кайрылуусунун негизинде жана 9-класстан кийин балдарынын башка окуу жайга жиберууго мумкунчулуктору болбогондуктан  11- класс ачып беруусун отунушкон. Ата-энелердин кайрылуусун эске алып,Ысык – Ата билим беруунун болумунун башчысынын уруксаты  менен айылга 10-11 класс ачылды. Мектепте азыркы мезгилде 17 мугалим,1 китепканачы, 1завхоз, 1 повар,  жети жумушчу иштейт. Мектеп бардык мугалимдер менен  камсыз.Башталгыч класстын  окуучуларына ысык тамак берилуудо. Тамактанууга  ылайык  ашканабыз  бар.2019- жылдын ноябрь айынан баштап « Мерси Ко» эл аралык кайрымдуулук корпусу менен иштеп , мектепке азык тулук,тамак бышырычуу каражаттарын,адабий окуу китептери тамактануу болмосуно стенд , менен камсыздалды.Ошону менен бирге 51 туп алма бак   олтургузуп беришти. ОСОО «Акнет » интернет желесин киргизип берген . Мектепте окуу кыргыз тилинде жургузулот .Сабактын узактыгы 45 моонот . Сабактар 1-11-класстар отот. Мектепте 146 токуучу окуйт . Мектепте окуучуларды сапатуу билим беруу менен бирге. Эмгекчил инсанды  калып тандыруу деген методикалык программанын негизинде иштеп келет.Мектепте сабактан тышкары эки ийрим иштейит. Спорттук жана корком эстетикалык.  Ошондой эле уч усулдук бирикме иштейт. Мугалимдер кесипкойлуктуу жогорулатуу багытында график менен 5 жылда бир окууга барып турушат. Мектептин миссиясы : Окуучуларга сапаттуу билим берип , татыктуу тарбиялоо,окуучулардын жаш озгочолугун ,жондомдорун эске алуу менен бирге алардын онугуусуно ылайык шартты тузуу болуп эсептелет.

Мектеп Эмблемасы

Биз жөнүндө