2023-жылдын 31-январдагы №7 буйруктун негизинде 15-февралда Афганистан Демократиялык Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылышынын 34 жылдыгына карата иш-чарага мектеп ичинде аткарыла турган иштердин планы түзүлдү. Ал план боюнча төмөндөгү иштер аткарылды. Айылда жашаган Афган жоокерлеринин тизмеси такталды. Мектепте «Афган жоокерлерине –түбөлүк таазим» темасында көргөзмөлөрдү уюштуруп, «Биздин сыймыгыбыз»деген темада 5-11-класстар арасында дубал газеталар чыгарылды. Эң жакшы дубал газетаны […]
28.02.2023 27
20-февраль күнү мектепте 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектеп ичинде линейка болуп өттү. Мектеп ичинде класс жетекчилер менен окуучулар дубал гезит чыгарышты. Ар бир класс жетекчи 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата класстык сааттарды өтүштү. 7-классынын класс жетекчиси Кыдырова Н.Ж. «Мекенди коргоо-ыйык милдет!” деген темада эң жакшы класстык саат өттү. Темага арналган сүрөттөр илинип, көркөм ырларды, […]
28.02.2023 24
Ысык-Ата райондук Билим берүү бөлүмүнүн 2023-жылдын 31-январында №6 буйруктун негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында мектеп ичинде план түзүлүп, иш-чаралар уюштурулду. 21-февраль күнү мектепте Эл аралык эне тил күнүнө карата «Улуттун башы-эне тил» аттуу линейка өткөрүлдү. Бир айлык ачылышын жарыяладык. Кыргыз тили мугалими Тайтаева М. 6-класстын окуучулары менен бирге […]
28.02.2023 55
Мектебибизде кыргыздын көрүнүктүү тарыхый инсаны Байтик Канай уулунун 200 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде майрамдалды. Бул иш-чараны мектептин тарых мугалими Исагалиева Паризат 9-класстын окуучулары менен биргеликте даярдады. Сабакта Мекен, эне тил темалары камтылды.
16.11.2022 86
8-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тирчилик калдыктарын иштетүү боюнча жана натыйжалуу инфраструктураны түзүү иш аракеттер планы” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Ак-Сай айылындагы Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдер жамааты жана жогорку класстардын окуучулары ишембилик уюштурушту. Ишембиликтин алкагында мектептин айланасын, айылдын көчөлөрүн, футбол талаасын, жол […]
27.10.2022 80
Кырсыктардын алдын алуу максатында эвакуациялык иш-чара өткөрүлдү. Класс жетекчилер «Коопсуз мектеп» темасында сабактарды өтүшүп, окуучулардын коопсуздук эрежелер жана мектеп эвакуациясы менен тааныштырып, коопсуздукту алдын алуу белгилерин үйрөтүштү. Бул иш-чарага 80 окуучу жана 10 мугалим катышты. Коопсуздук эрежелери жөнүндө балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Маалыматтык атайын «Коопсуздук бурч», «Өрт коопсузугунун эрежеси» стенд чыгарылды. Ар кандай кырсыктардан сактанууга […]
27.10.2022 78
5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата «Мугалим — билим ачкычы» деген темада мектепте тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү. Мугалимдерге арнап мектеп парламенти окуучулар менен бирдикте линейка өткөрүп, жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташты. Ырлар, куттуктоо сөздөр, өз колдору менен жасалган альбомдорун беришип, ыраазычылык билдиришти. Шарлар менен көркөмдүү жасалып, дубал гезит чыгарышты, гүлдөрүн тартуулашты. «Менин эжейим» аталышында дил баян […]
27.10.2022 75
2022-жылдын 1-сентябрында саат 9:00до салтанаттуу линейка башталды. Мектептин алды кооз желектер, шарлар Билим күнүнө карата сүрөттөр илинип, көрктүү жасалгаланды. Мектептин жетекчиси Исаева А.Б.Билим күнү менен куттуктап, ал өз сөзүндө мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап кетти. Мектептин босогосун биринчи жолу аттап келген 0-класстын окуучуларын кол чабуулар менен тосуп алдык. 1 жана 11-класстардын чакан куттуктоо программасы көрсөтүлдү. […]
17.10.2022 68
9-сентябрь — Комуз күнүнө карата «Комуз — улуттун сыймыгы» деген аталышта линейка болуп өттү. тарбия завуч Асанова Р.Д. комуз күнүнө карата жасалгалап, комуз жөнүндө толук маалыматты айтып өттү. Комуз күнү менен мектептин жетекчиси Исаева А.Б. окуучуларды куттуктады. Комуз — ата-бабалардан калган мурас экендигин айтып, окуучуларды комуз чертүүгө үндөдү. 11-класстын окуучулары «Комуз-кыргыздын улуттук-руханий байлыгы, жан дүйнө […]
17.10.2022 79
Мамлекеттик тилдин мыйзамынын кабыл алгандыгынын 33 жылдыгына карата тарбиялык иш-чаранын планы түзүлдү. 23-сентябрь- күнү Мамлекеттик тилге карата “Кыргыз тилин ардактайлы, даңктайлы!” деген аталышта салтанаттуу линейка өтүлдү. Ачылыш аземин мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадыркулова Жибек Каныметовна уюштурду. Линейка көрктүү, эстетикалуу жабдылды. тил майрамына карата куттуктоо сөзү менен мектептин жетекчиси Исаева Айнакул Бакаевна линейканын катышуучуларына […]
17.10.2022 56
Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 18-март күнү «Салам сага, санжыралуу Ноорузум!» аталышындагы адабий-музыкалык кече болуп өттү. Кеченин башталышында Умай эне арча түтөтүп, аластап, Теңир ата балдарга батасын берип кетти. Кыргыздын «Тушоо кесүү», «Балага ат коюу», «Баланы бешикке бөлөө» салттары көрсөтүлдү. «Сумөлөк» жомогун 4-класстын окуучулары сахналаштырышып, 3-класстын окуучулары «Ак ийнек» айтышты. Мектептин «Күн […]
24.03.2022 214
Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 22-февраль күнү 23-февраль- Мекенди коргоочулар күнүнө карата мектеп ичинде линейка болуп өттү. Ар бир класс дубал гезиттерин чыгарышты. 11-класстын класс жетекчиси Тайтаева М.Б. «Жоокерлер — мекендин коргоочулары» деген темада ачык тарбиялык сабакты жогорку деңгээлде өттү. Темага арналган сүрөттөр илинип, көркөм ырлар айтылды. 23-февраль күнү жөнүндө […]
11.03.2022 201