Ата Мекенди коргоочулар күнү
20-февраль күнү мектепте 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектеп ичинде линейка болуп өттү. Мектеп ичинде класс жетекчилер менен окуучулар дубал гезит чыгарышты. Ар бир класс жетекчи 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата класстык сааттарды өтүштү. 7-классынын класс жетекчиси Кыдырова Н.Ж. «Мекенди коргоо-ыйык милдет!” деген темада эң жакшы класстык саат өттү. Темага арналган сүрөттөр илинип, көркөм ырларды, монолог айтышты. 23-февраль күнүнө карата слайд көрсөтүп, “ Эненин арманы” аттуу сценка коюшту. “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ырды балдар аткарышты. 8-класстын класс жетекчиси Убалканова А. ”Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген темада класстык саат өттү. Көркөм ырларды айтып, “Катюша” бийин бийлешти. 21-февралда дене тарбия мугалими Сагынов Ж.Б. 8-11-класстар арасында “Жигиттер таймашы” аттуу спорттук мелдеш өткөрдү. Таймаштын максаты окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенчил жигиттерди даярдоо, Мекенди сүйүүгө үндөө болду. Жоокер формаларын кийинишип, машыктыруучу көнүгүүлөрдү, саламдашуу, жоокер жөнүндө баяндоо айтып, патриоттук ыр ырдашты. “Намыс” жана “Рух” топторго бөлүнүшүп, эстафета оюндарын көрсөтүштү. Аскерге даярдоо катарында аркан тартыш, гира көтөрүү, таяк тартыш, мамыга тартылуу боюнча күч сынашты.”Рух” тобу 71 упай менен жеңишке ээ болду. Сыйлоо баракчалары тапшырылды. Мелдеш жогорку деңгээлде болду. Мекен сакчыларына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Башталгыч класстын окуучулары 23-февралга карата тарбиялык сааттарды өтүштү. 2-классынын окуучулары көркөм ырларды абдан жакшы айтышып, “Чептен эрдин күчү бек” жомогун 4-классынын окуучулары сахналаштырып аткарып беришти. 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата видео-слайд чыгарылды.
Комментарии