1-сентябрь- Билим күнү
2022-жылдын 1-сентябрында саат 9:00до салтанаттуу линейка башталды. Мектептин алды кооз желектер, шарлар Билим күнүнө карата сүрөттөр илинип, көрктүү жасалгаланды. Мектептин жетекчиси Исаева А.Б.Билим күнү менен куттуктап, ал өз сөзүндө мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап кетти. Мектептин босогосун биринчи жолу аттап келген 0-класстын окуучуларын кол чабуулар менен тосуп алдык. 1 жана 11-класстардын чакан куттуктоо программасы көрсөтүлдү. Окуучулар билим, мекен жөнүндө көркөм окууларын айтышып, бийлерин бийлешти. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата 8-класстын окуучусу Жаныбаева Тахмина «Мен кыргыздын кызымын» аттуу ырын музыканын коштоосунда ырдап окуучуларды куттуктады.
Комментарии