21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне тил күнү
Ысык-Ата райондук Билим берүү бөлүмүнүн 2023-жылдын 31-январында №6 буйруктун негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында мектеп ичинде план түзүлүп, иш-чаралар уюштурулду. 21-февраль күнү мектепте Эл аралык эне тил күнүнө карата «Улуттун башы-эне тил» аттуу линейка өткөрүлдү. Бир айлык ачылышын жарыяладык. Кыргыз тили мугалими Тайтаева М. 6-класстын окуучулары менен бирге жооптуу болуп, сүрөттөрдү илип жасалгалашты. Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет экендигин айтып өттү. Дүйнөдө канча тил болсо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүгүн көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө аракеттерин жасап келет. Мындай тарыхый мурас бүгүнкү күнү да учугун үзбөй уланып, жаштардын дилине эне тилдин ыйыктыгын сиңирип, мекенчил жаштарды тарбиялоого үндөдү. Эне тилинде көркөм ырларды, дүйнөлүк улуу адамдар тил жөнүндө, макалдар, бийлер менен коштолду. Бардык класс жетекчилер февраль ичинде «Эне тилди барктайлы!», «Тилиң менен улутсуң!» аттуу класстык сабактарды өтүштү. 26-февраль күнү англис тили мугалими Дюшеналиева М. англис тилинде жомок, ырларды, сахналаштырып өттү. «Улут аралык ынтымак» аттуу дубал гезит чыгарып, сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Комментарии