Комуз — улуттун сыймыгы
9-сентябрь — Комуз күнүнө карата «Комуз — улуттун сыймыгы» деген аталышта линейка болуп өттү. тарбия завуч Асанова Р.Д. комуз күнүнө карата жасалгалап, комуз жөнүндө толук маалыматты айтып өттү. Комуз күнү менен мектептин жетекчиси Исаева А.Б. окуучуларды куттуктады. Комуз — ата-бабалардан калган мурас экендигин айтып, окуучуларды комуз чертүүгө үндөдү. 11-класстын окуучулары «Комуз-кыргыздын улуттук-руханий байлыгы, жан дүйнө сырдашы» деген аталышта эң жакшы дубал гезит чыгарышты. Кмуз жөнүндө көркөм ырларды айтышты. Майрам менен куүктап 5-класстын кыздары кыргыз бийин аткарып беришти.
Ар бир класс жетекчи класстарына «Комуз күүсү — ар бир кыргызга дем, кайрат, күч берет» деген ураан алдында тарбиялык сабак өткөрүштү. Класс жетекчилер комуздун тарыхын, бабалардан калган мурас экендигин, кыргыз элинин салттуу мурасын комузсуз элестетүү мүмкүн эместигин, кийинки муунга жеткириш үчүн аспапты үйөнүп, комуз чертүүгө үндөштү.Айылыбыздан чыккан комуз чабуу өнөрчүлүгү боюнча чет өлкөлөргө чейин барган Берикбаев Мараттын чапкан комуздары жөнүндө маалымат алышты. комуз кантип жасалаарын, кыргыз элинин улуттук аспабын унутпоого, комуз үйрөнүүгө окуучуларды шыктандырды. метептин кружок жетекчиси Алыбаева Б.К. «Комуз — кыргыз элинин улуттук аспабы» аталышында көргөзмө бурч уюштурду.
Комментарии