Кыргыз тилин ардактайлы, даңктайлы!
Мамлекеттик тилдин мыйзамынын кабыл алгандыгынын 33 жылдыгына карата тарбиялык иш-чаранын планы түзүлдү. 23-сентябрь- күнү Мамлекеттик тилге карата “Кыргыз тилин ардактайлы, даңктайлы!” деген аталышта салтанаттуу линейка өтүлдү. Ачылыш аземин мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кадыркулова Жибек Каныметовна уюштурду. Линейка көрктүү, эстетикалуу жабдылды. тил майрамына карата куттуктоо сөзү менен мектептин жетекчиси Исаева Айнакул Бакаевна линейканын катышуучуларына кайрылды. кыргыз тилинин гимнин 11-класстын окуучулары аткарышты. Кадыркулова Жибек «Эл байлыгы — эне тил» деген темада тилдин тарыхы, мааниси жөнүндө кеңири түшүнүк берди. Байдылда Сарногоевдин, Б. Матисаковдун ырларынан көркөм айтышты. «Көк бөрү» кыргыз бийин бийлешти. «Кел, кыргыздар, кыргызча сүйлөшөлү» аттуу обондуу ырды бийдин коштоосунда аткарышты. Линейка жогорку деңгээлде өттү. «Кыргыз тилим-сыймыгым» деген темада класс жетекчилер тарбиялык сабактарын өтүштү. 6-11-класстар арасында дубал гезит конкурсу өткөрүлдү. Конкурста 9-класстын жана 7-класстын дубал гезити эң мыкты деп бааланып, класс жетекчиси Исагалиева Паризатка жана Кыдырова Нурияга ыраазычылык айтылды.
Комментарии