Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу
Кырсыктардын алдын алуу максатында эвакуациялык иш-чара өткөрүлдү. Класс жетекчилер «Коопсуз мектеп» темасында сабактарды өтүшүп, окуучулардын коопсуздук эрежелер жана мектеп эвакуациясы менен тааныштырып, коопсуздукту алдын алуу белгилерин үйрөтүштү. Бул иш-чарага 80 окуучу жана 10 мугалим катышты. Коопсуздук эрежелери жөнүндө балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Маалыматтык атайын «Коопсуздук бурч», «Өрт коопсузугунун эрежеси» стенд чыгарылды. Ар кандай кырсыктардан сактанууга «Бардыгына көңүл бургула!» сигналы боюнча окуучуларды имараттан алып чыгуу эвакуация менен дене тарбия мугалими Сагынов Жакшылык тааныштырды. ӨКМ кызматкерлери жана алардын иштери боюнча оккуучулар менен аңгемелештик. «Куткаруучу» деген темада мектеп ичинде конкурс болуп өттү. «Эң мыкты сүрөт» боюнча 9-класстын окуучусу Отомбаева Махабат, 7-класстын окуучусу Акылбеков Аман, Саматбекова Айдай ээ болду. Жаш ыктярдуу куткаруучулар тизмеси 9-11 класстын окуучуларынан түзүлдү. Бул топ тизилүүгө жана тоскоолдуктар менен чуркоого машыгышты. Өзгөчө кырдаалдар, өрт кырсыктары учурунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өзүн-өзү алып жүрүү боюнча Молдокулова Р.Э. айтып өттү.
Комментарии