Мугалим — билим ачкычы
5-октябрь — Мугалимдер күнүнө карата «Мугалим — билим ачкычы» деген темада мектепте тарбиялык иш-чаралар өткөрүлдү. Мугалимдерге арнап мектеп парламенти окуучулар менен бирдикте линейка өткөрүп, жалпы мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташты. Ырлар, куттуктоо сөздөр, өз колдору менен жасалган альбомдорун беришип, ыраазычылык билдиришти. Шарлар менен көркөмдүү жасалып, дубал гезит чыгарышты, гүлдөрүн тартуулашты. «Менин эжейим» аталышында дил баян жазышты. «Мугалимдерге таазим» аттуу слайд видео чыгарылды. Ар бир класс жетекчи «Мугалим- мөмөлүү дарак», «Мугалим — коомдун күзгүсү» аталыштарында класстык-тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Мугалим бардыгына үлгү болоорун баса белгилеп, мугалимдик кесип жжопкерчиликтүү, түйшүктүү, ошол эле учурда ардактуу экендигин түшүндүрүштү. Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде мектеп жетекчилиги жана мугалимдер жамааты тарабынан жасаган ишин белгилеп, колдоп, башталгыч классынын мугалими Рысалиева Т.Ж. Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасын, ал эми Исаева А.Б. Чүй облусунун «Кеменгер» жана профсоюздун атынан «Мыкты кызматкер» медалы менен сыйланды.
Комментарии