Ооганстан согушу — жүрөк тагы
2023-жылдын 31-январдагы №7 буйруктун негизинде 15-февралда Афганистан Демократиялык Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылышынын 34 жылдыгына карата иш-чарага мектеп ичинде аткарыла турган иштердин планы түзүлдү. Ал план боюнча төмөндөгү иштер аткарылды. Айылда жашаган Афган жоокерлеринин тизмеси такталды. Мектепте «Афган жоокерлерине –түбөлүк таазим» темасында көргөзмөлөрдү уюштуруп, «Биздин сыймыгыбыз»деген темада 5-11-класстар арасында дубал газеталар чыгарылды. Эң жакшы дубал газетаны «Афган жоокерлерин эскерүү» деген аталышта 9-класстын окуучусу Өтөмбаева Махабат чыгарды. 15-февраль күнү “Ооган согушу жүрөктөгү так” аттуу линейка өткөрүлдү. Көргөзмөлүү жабдылып, окуучуларга так маалымат берип, “Ооган ыйы” деген обондуу ырды угуп, видеосун көрүштү. Ооган согушунун залалынан курман болгон афган жоокерлери: Бегалиев Манас, Быржыбаев Алиакбар ж.б. каза болгондорду эскерип, бир мүнөттүк тыным жасадык. Афган жоокери, элибиздин сыймыгы болгон Асанов Туратбек Жумадилович мектепке келип, окуучулар менен жолугушту. 9-11-классынын класстар тегерек стол уюштуруп, жогорку деңгээлде сахналаштырып, көрсөтүп беришти. Сабак патриоттук дем менен эстетикалуу жабдылды. Ар кандай суроолор берилип, ардагер башынан өткөн көргөн билгендерин баяндап берди. Жанында жүргөн жолдошторун жоготконун эскерип, толкунданып айтып жатты. Окуучуларга эч качан согуш болбосун тилеп, мекенге кызмат кылган жаштардан болуусун каалап кетти. Ар бир класс жетекчилер «Жоокер-афганчылардын эрдиги» аттуу темада тарбиялык саат өтүштү. Окуучулар көркөм ырларды, макалдарды айтышты. 8-класстын окуучулары «Афганистан» аттуу обондуу ыр аткарышты.
Афганистан Демократиялык Республикасынан Советтик аскерлердин чыгарылышынын 34 жылдыгына карата арналган ролик –маалыматтарды даярдап чыгардык.
Комментарии