Салам сага, санжыралуу Ноорузум!
Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 18-март күнү «Салам сага, санжыралуу Ноорузум!» аталышындагы адабий-музыкалык кече болуп өттү. Кеченин башталышында Умай эне арча түтөтүп, аластап, Теңир ата балдарга батасын берип кетти. Кыргыздын «Тушоо кесүү», «Балага ат коюу», «Баланы бешикке бөлөө» салттары көрсөтүлдү. «Сумөлөк» жомогун 4-класстын окуучулары сахналаштырышып, 3-класстын окуучулары «Ак ийнек» айтышты. Мектептин «Күн балдары» ыр-бий ийрими чакан концерт уюштуруп, келген конокторго майрам тартуулашты. Жогорку класстардын бийчи кыздары кыргыз бийлерин аткарышты.
Комментарии