Улуттук тазалык күнү
8-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тирчилик калдыктарын иштетүү боюнча жана натыйжалуу инфраструктураны түзүү иш аракеттер планы” жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Ак-Сай айылындагы Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдер жамааты жана жогорку класстардын окуучулары ишембилик уюштурушту.
Ишембиликтин алкагында мектептин айланасын, айылдын көчөлөрүн, футбол талаасын, жол жээктерин тазалоо иштери жүргузүлдү. Жалпысынан 2 чоң унаа таштанды чыгарылды.
Комментарии