15-сентябрь — Билим күнү
Ысык-Ата районундагы Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 2021-жылдын 15-сентябрында саат 9:00до салтанаттуу линейка башталды. Мектептин алды кооз желектер, шарлар, сүрөттөр илинип, көрктүү жасалгаланды. Линейкага топтолуш мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу максатында 1-класстын ата-энелери эле коштоп келишти. Мектеп жетекчиси Исаева А.Б. Билим күнү менен куттуктап, өз сөзүндө окуучуларга ак жол жана келечекте жакшы окуучулар болушун каалап кетти. 1 жана 11-класстардын майрамдык программасы көрсөтүлдү. Окуучулар Билим күнүнө жана Мекенге карата көркөм ырларын айтышып, бийлерин аткарышты. Линейканын аягында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 8-класстын окуучусу Орозбаев Адилет «Кыргызстаным» аттуу ырын музыканын коштоосунда ырдап, куттуктап кетти. Линейка бөлүнгөн 30 мүнөттүк чектөөдөн ашкан жок.
Окуучулар аралыкты сактап тизилип, маска кийип, температуралары ченелип, тартипти сактап класстарына киришти. Башталгыч класстар «Ата Журтум — асыл мекеним», ал эми жогорку класстар «Түбөлүккө желбирей бер, эгемендик желеги» жана «Мекенибиз Кыргызстан эгемендүүлүк жолунда» аталышындагы тарбиялык сабактарын өтүштү. Сабактардын негизги максаты: КРнын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууда элдин, жердин тарыхын окуп-үйрөнүү менен Мекенге болгон сүйүүнү арттыруу, улут аралык достукту чыңдоо. Бардык өтүлгөн сабактар жогорку деңгээлде болгондугу белгиленди
Комментарии