Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү
Бүгүн, 12-декабрь — улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Иса Байбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектеби залкар жазуучубузга арналган сабактар, иш-чаралар ѳткѳрүлүп жатат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгѳн 7-класстардын окуучуларынын катышуусунда класстык саат өткөрүлгөн. Чынгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас областына караштуу Күркүрө суусунун боюнда Шекер айылында төрөлгөн. Атасы Төрөкул Айтматов партиянын кызматкери болгон, 1937-жылы репрессияланып кеткен. Апасы татар кызы Нагима Халуаевна билимдүү маданияттуу адам болгон.1946-жылы 7-жылдыкты бүтүп Жамбылдагы зооветтехникумду , кийин Фрунзедеги айыл-чарба институтунун студенти болуп калган. 3 жыл иштеп Москвадагы адабий курста билим алган.
Чынгыз Айтматовдун чыгармалары:
- «Газетчи Дзюйо»
- «Бетме-бет»
- » Биринчи мугалим»
- » Эрте келген турналар»
- » Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт»
- «Жамийла»
- » Түнкү сугат»
- » Кыямат»
- «Гүлсарат»
- «Кылым карытар бир күн»
- «Бото көз булак»
- «Кассандра»
Комментарии